Идинов Нарынбек Айыпович

0
358

Нарын Айып – 1974 жылы Кыргыз улуттук унивеситетинин физика факультетин бүтүргөн, 1975-1976 жылдары Ломоносов атындагы Москвадагы Улуттук Университетининин физика факультетинде стажировкасын аяктап, аспирантураны СССР Илимдер Академиясынын нефтехимиялык синтез институтунда бүтүрөт, андан кийин 1980-жылдан тартып 1993-жылга чейин жогорку температуралар институтунда кенже илимий кызматкери жана Москвада спорттук мектепте машыктыруучу болуп иштеген. 1990-1991 жылдары Москвада “Мүрөк” гезитин кыргыз тилинде басып чыккан, 1993 жылдан тарта Бишкекте көзкарандысыз Res Publica гезитинде башкы редактордун орун басары, андан кийин Мюнхенде 1993-1996 жылдары “Азаттык” үн алгысында, 1995-2007 жылдары Прагадагы кеңсесинде, анда 2000-2002 жылдары “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын башкы редактору болуп иштеди.

2003-2007 жылдары Прагадагы Kyrgyz Weekly электрондук  кыскача маалымат журналын  орус жана англис тилинде чыгарат.  2007-2008 жылдары Прагада орус тилинде басылып чыккан “АрбатNews” гезитинин башкы редактору, 2008-2010 жылдары “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агентствосунун жетекчиси. 2010-жылдын сентябрынан тартып 2014-жылдын майына чейин  Кыргызстандын Коомдук телерадиокорпорациясында  «Ала-Тоо» маалымат-аналитикалык программалардын башкармалыгынын директору болуп кызмат өтөгөн.

2014-жылдын май айынан тартып 2015-жылдын февраль айына чейин  Бишкекте  NTS телерадиокомпаниясынын аналитикалык программалардын башкы редактору, 2015-жылы  «Вечерний Бишкек» гезитинин саясат бөлүмүнүн башкы редактору, 2015- жылдын ноябрь айынан тарта  «Zanoza» интернет-басылмасынын  нигиздөөчүлөрүнүн бири.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ