Сыдыкова Замира Бексултановна

0
399

Замира Сыдыкова окуусун Москвадагы  Ломоносов атындагы улуттук университетинин журналистика факультетин перестройка убагында бүтүргөн.

Кыргызстанга кайтып келип, кесипкөй ишмердүүлүгүн  “Комсомолец Киргизии” гезитинде баштайт. Ошондой эле Кыргыз улуттук университеттин журналистика факультетинде атайын курсун алып барат.

1992 жылы Сыдыкова биринчи көз карандысыз  Res Publica гезитин негиздейт.

1995 жылы гезитке каршы президент Акаев биринчи ирет доо арызын жолдойт. Сыдыкова журналисттик иш менен алектенүүгө тыюу салуу менен  1, 5 жылга шарттуу түрдө эркиндигинен ажыратылган.

1997 жылы “Кыргызалтын” мамлекеттик концерндин президенти Д.Сарыгулов гезитке каршы чыкты. Сот чечими боюнча Сыдыкова абакта калтырылган.

Замира Сыдыкова International Amnesty, Human Rights Watch, International Women’s media foundation уюмдар тарабынан сыйлыктарга эгедер болгон.

2005 жылы Сыдыкова  Кыргыз Республикасынын АКШга жана Канадага элчиси болуп дайындалды.

2015 жылы Res Publica гезити кайрадан чыга баштады жана атына уйкаш маалымат порталы түзүлдү.

Сыдыкова бир нече китептерди жазып чыккан: «За кулисами демократии» (1997), «Годы ожиданий и потерь. Время перемен» (2003), «Есть у революций начало, нет у революций конца» (2011).

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ