Каракол. Бизди куткаруучу бул сөз эркиндиги (видео)

0
124

Сөз эркиндигин коргоо комитети менен Караколдо жергиликтүү укук коргоочулар, журналисттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен боло турчу жыйынды алдын ала бир нече күн мурун болтурбоо аракеттери болду. Азамат Айтбаев, шаардык кеңештин “Табылды” партиясынан депутаты телефон аркулуу  Бишкектен  УКМК тарабынан тегерек столко ким келерин, эмне жөнүндө сүйлөшкөндөрүн байкоо салып турары эскертүү алгандыгын билдирди.  Кантсе да, Караколдун активисттери адам укугун коргоо ишмердүүлүгүнө байланыштуу эч нерсе жашыра турганы жок эле жана кенештеги «Табылды» партиясынын вракциясынын лидери Турат Акимханов кесиптештери менен байланышып, ойлору менен бөлүшкөнү келишти.

Адвокат Камиль Рузиев өзүнүн кардарлары үчүн буга чейин көп жыл бою чындыкты издеп, учурда өзү кысымга алынып туру. 2015-жылы ага жеке боюна кол салынган эле. Анда анын жаны эптеп аман калган.

Бирок көп өтпөй анын арызы боюнча иш жабылып,  Рузиев бардык инстанцияларга, а түгүл  Башкы прокуратурага да кайрылган, бирок анын бардык каттарыкимге даттанса кайра ошолорго териштирүүгө жөнөтүлгөн. Район прокурору облустун  прокурору болуп кызматынан көтөрүлүптүр. “Мындай кадрларды дайындоо менен бийлик өзүнүн аброюна шек келтирет,” — деди Камиль Рузиев.

Жолугушууга  Садыр Жапаровтун  туугандары да келишти. Ага болгон зомбулукту, алар өз териси менен көрүп, жабыр тартып тургандары тууралуу айтышты. Бишкектен келген жактоочусу Мукаш Байгелдиев сот жараяны кандайча өтүп, кайсыл процессуалдык нормалар бузулуп жатканын айтып берди.  Жергиликтүү активисттер козгогон маселелерди чеччү эч кимдин оюнда жок экенин белгилеп, депутаттар да биз чеччу малелелер эмес деп жооп кайтарышат экен. Мисалы, мэриядагы коррупциялык схемалар тууралуу болсо, аларга кайрылбаса, кимге кайрылыш керек?

Караколдун жолдорун айтсак, бул көптөн бери көңулдү орутаар көйгөй. Ысык-Көл облусунун борборунда  Өнүктүрүү фондун 20 жылдан ашык Күмтөр каржылап келгени менен, шаарга кире бериште көптөгөн аңдар ошо бойдон оңдолбой турат.

Азамат Айтбаев шаардык кеңештин депутаты, Сөз эркиндигин коргоо комитетинин Ысык-Көлдө облусу боюнча координатору коррупция кеңири жайылгандыгын айтып кейийт. Ал 23 жашта, жаңыдан университеттин юридика факультетин бүтүрдү, мамлекеттик маселелерге жаңыдан киришип жаткан кези. Азаматты Караколдо жакшы билишет. Жолугушууда ага насаат катары: “Азамат, ушу жолдон кайтпа. Мамлекеттик кызматта көзүң шишигенсидей. Айныбай иште, биздин сага болгон ишенибизди акта,” деп турушту. Азамат болсо: “Сынга салуу оңой болгону менен, системанын ичинен сыртка чыгуу бир топ кыйын экен да. Биз кеңеште бюджетти карап, ири суммадагы акча асфальт жолуна бөлүнгөнүн аныктадык. Бирок мурунку мэр Рыскул Карыгулов коротуп салдыбы, эмнеге коротконун териштирүү иштерин баштасак, ЖМКлар чагылдырууну каалашпайт,”-деди.

Журналисттер:”Эч ким сүйлөгүсү келбесе, айрыкча микрофонго, биз эмне кылмак  элек? Өзүбүздүн оюбузду айтайлыбы? Бул үчүн азыр куугунтуктоолор башталат да,”-деп жооп беришишти.

Атыр Сарыбаева өзү кандайча укук коргоочу болуп калганын сезбей калганын айтып бериди. Союз курагандан кийин, ал базарга барып иштөөгө туура келген. Анан сатуучулардын даттануулары башталды – патент, базардагы шарттар, аялдарга болгон мамиле боюнча.  Бишкекке барып,  Анара  Дооталиевага, “Дордойдун» профсоюзуна жолугуп, облустта да базардын профсоюзун уюштуруу чечимине келишти. Ошондон бери иштен көп нерсе жок. Кредиттер боюнча арыздарды карашат, башка маселелерди, — ошентип жергиликтүү маселелерди чече башташты. “Бирок элдер өздөрүнүн укутарын билишпейт, маалымат жеткиликтүү эмес. Ошондуктан ушундай жолугушуулар көп болушу керек. Бизди куткарып туңгуюктан чыгарчу нерсе – бул сөз эркиндиги. Сөз эркиндиги болушу керек,” — деди ал.

Диляра Нурметова коррупцияны маалыматты жеткирүү менен гана азайтса болорун айтты. Ал көптөн бери Лидия Фомова атындагы Социалдык коргоо комитетинде активдүү иштеп жүрөт. Сөз алгандар социалдык көйгөйлөрүн айтышты, б.а. пенсиялар жана энергетика боюнча. Алар Акаевдин учурундагы иштеген кызматкерлер бир жерден башка жерге которолуганы менен, эч нерсе өзгөрүлбөгөнүн белгилеп кетишти. Кайсыл реформа жарандардын турмушун жакшыртты? Концепцияларды кабыл алганы менен, эч өзгөрүүлөр көрүнбөйт.

“Коалиция жана жарандык коом үчүн” уюмунун облусттук координатору Замира Оторбаева “Атамбаевге таң калам.  Башынан көп нерсе өткөнү менен, ал монстрга, бийликти зордук менен тартып алуучу кишиге айланды”-деди.

Караколдогу 2016-жылы болуп өткөн шаардык кеңешке шайлоодо эл башкаруучу СДПК партиясына добушун беришкен жок. Жаңы “Табылды” партиясы жеңип чыкты. Президенттик шайлоодо кандай болоору азыр белгисиз.  “Бирок, жаңы Шайлоо кодексинде байкоочулардын бир кыйла укуктары  кесилиши бул жаман белги,”- деди Замира.

“Табылды” фракциясынын лидери Турат Акимханов бардык өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу тез арада кыйынга жатарын жашырган жок: “ал тургай оппозициянын лидерин камакка алышып, эскертүүлөр, куугунтуктоолор, коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат.”

Сөз эркиндигин коргоо комитети тарабынан уюштурулган «тегерек” столдо ай сайын жолугуп, мэриянын жана башка мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрүн чакырып, иш-чараларды талкуулоо сунуштары иштелип чыкты.

Жыйынга  чогулгандар «бийликтегилер бизди угууга тийиштүү» деген тыянакка келишти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ