Эркиндик форумунда сөз эркиндигинин абалы жана келечеги талкууланды

0
85

Баштан тышкары, тилдер дагы кесилип жаткан Атамбаевдин заманында сөз эркиндиги боюнча көп эле сөз-кептер айтылат эмеспи. Бирок, “ии ооба, жаман болуп жатат, тигил, же бул редакция жабылып жатат” деген үшкүрүк сөздөр менен сөз боюнча кала берген учурда, жападан-жалгыз коркунучтарга карабай тике караган адамдар, коомдор бар экен. Алардын бири “Сөз эркиндигин коргоо комитети”,  кече, 30-августта борбор калаада, учурдагы сөз эркиндигинин абалы жана өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулаган “II Эркиндик форумду” комитет өткөрдү.

“Сөз эркиндигин коргоо комитети” тарабынан уюштурулган  “II Эркиндик форумунда” бир топ саясатчылар, укук коргоочулар, жарандык активисттер жана партиялардын өкүлдөрү катышышты.

Катышуучулардын бири, президент Атамбаевге оозеки кайрылуу жолдошту. Жыйынга катышкан легендарлуу парламенттин төрагасы — Медеткан Шеримкулов жана экс-депутат, “ар-намысчы” Феликс Кулов Атамбаевди  саясий туткундарга кечирим берүүгө жана ММКларга карата соттук доолорду артка чакыртып алууга чакырып кетишти.

Жыйындын жүрүшүндө, Медеткан Шеримкулов эгемен Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы Союз заманынан дагы начарлап кеткенин айтты. — Ошол мезгилде гезиттерди жабуу же журналисттерди камакка алуу эч кимдин оюна дагы келген эмес. Мен идиолог катары айтып коёюн азыр совет заманынан да жаман болуп жатат. Түз эфирде сүйлөгөн адамдын сөзү үчүн “Сентябрь” каналын жабуу бул мыйзамсыз. Ал кишинин редакцияга эч кандай тиешеси жок экен. Бул мыйзамсыз жана негизсиз.

Форумда “Саясий туткундарды коргоо комитети” коомунун төрагасы Сапар Аргымбаев, азыркы мезгилде, Кыргызстанда 25 саясий туткун абакта деп маалымдады. Буга чейин президенттин ар-намысына шек келтирди деген доо менен “Заноза” сайты жабылган болсо, жакында эле “Сентябрь” телеканалы мыйзамсыз соттун чечими менен жабылган. Андан тышкары оппозициялык маанайдагы  активисттерге Башкы прокуратура жана УКМК тарабынан миллиондогон доо коюлуп, кылмыш иштери козголуп жатат. Ошондой эле 27-июлдан 20-октябрга чейин Бишкекте тынч жыйын, митинг-пикеттерди өткөрүүгө бөгөт коюлган деди Аргымбаев.

Жыйынга катышкан көпчүлүк ММКга болгон кысым-басымдардан тышкары, жалпысынан коомдук ишмерлерге, саясатчыларга, активисттерге жана деги эле сөз эркиндиги чектелип жатышын белгилеп кетишти. Форумда шайлоодон кийин кырдаал азыркыдан дагы курчуп, оорлоп кетиши айтылды. Талкуунун жыйынтыгында “Сөз эркиндигин коргоо комитети” тарабынан сунушталган резолюция талкууга алынын, сунуштар жана кошумчалар менен кабыл алынды.

 

Калысбек Айкынов

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ