Бийликти сындап жазган акын Темирлан Ормуковду камакка алуу үчүн ага издөө салынды

0
173

Бишкектин Октябрь райондук соту активист, акын Темирлан Ормуковду камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу 5-сентябрда активист Адил Турдукулов маалымдап, соттун тийиштүү токтомун жарыялады. Ормуковго издөө салынды, кармалгандан тарта Бишкек шаарындагы №1-СИЗОго 1 айга камакка алынат. Ормуковго буга чейин өлкөдөн эч жакка кетпөө жөнүндө сот чечими чыккан. Жабырлануучу тарап анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү айтып сотко кайрылып, өтүнүч канааттандырылды. Маалымат интернетке тарагандан кийин Ормуков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына минтип жазды: «Көӊүл бургула, издөө салабыз! Өзгөчө коркунучтуу кылмышкер изделүүдө! Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын токтому менен мен изделип жатам…» Активист жашаган дареги жана башка маалыматтары прокуратура менен сотто бар экенине карабай издөө жарыяланганына түшүнбөй турганын айтты.

Булак

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ