Ошто сөз эркиндиги жана таза шайлоо өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү

0
707

Бүгүн, 5-сентябрда Ош шаарында сөз эркиндиги жана таза шайлоо өткөрүү боюнча республикалык жыйын өттү. Коомдук активисттер Акбалык Жумалиева, Орозайым Нарматовалар “Сөз эркиндигин коргоо” комитети менен биргеликте уюштурду. Талкууга коомдук ишмерлер, көз карандысыз журналисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана Жогорку Кеӊештин депутаты, аймактан келгендер катышты.

“Алдыда президенттик шайлоодо татыктуу талапкерди тандоо мүмкүнчүлүгү турат. Тилекке каршы акыркы болуп өткөн шайлоо жыйынтыгы бурмаланып, элдин мүдөөсүнө жараша болгон жок. Анын кесепетинен билим берүү, саламаттыкты сактоо, экономикалык жана социалдык саясатта реформалар жүрбөй, мамлекеттин абалы начарлоого багыт алды. 6 жылда бир келчү мүмкүнчүлүктө эл өзүнө жаккан талапкерлерди тандайын десе, эл колдогон саясатчыларды бийлик жалаа менен камап, катыштыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты. Бийлик, эми дагы мурда кылган бурмалоо, административдик ресурсту колдонуу менен шайлоочулардын укугун бузуп, басынтып, коркутуп добуш алышат.  Ошого байланыштуу алардын мындай кадамына каршы аракеттерди көрүүбүз керек”,-дейт уюштуруучу Акбалык Жумалиева.

Акбалык Жумалиеванын пикирин колдой, жаш активист Орозайым Нарматова элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, демилгелүү топ аймактарга чыгуу сунушун айтты.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов катышуучулар айткан жүйөөлөргө макул эместигин айтып, “шайлоочулар азыртан эле таза шайлоо өтпөйт деп жатышат. Муну менен такыр макул эмесмин. Таза шайлоо өтөт жана ал мүмкүнчүлүктү пайдаланып добуш бериш керек. Азыртадан эле шайлоонун жыйынтыгына ишенбей, кайдыгер болуп корко берсек, анда жыйынтык биз күткөндөй болбойт”,-деген пикирин  ортого салды.

Президенттикке талапкер саясатчы Азимбек Бекназаров бийлик административдик ресурсту колдоно турганына токтолду.

“Биз оптимисттик ойдон реалдуулукка өтүүшүбүз керек. Бийлик сөзсүз административдик ресурсту колдонот. Буга чейин дагы колдонуп келген. Ошон үчүн элге жаӊы көз караштарды сунуштоо абзел”,-деди.

Талкуу жыйынтыгында элге түшүндүрүү иштерин активдештирүү зарылчылыгы бар экенине токтолушуп, жакынкы күндөрдө уюштуруучу топ эл аралап чыгууга токтолушту.

 

Булак: “Комитет.KG

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ