Эльнура Алканованы куугунтуктоону токтонууну талап кылабыз

0
154

КР баш прокурору Индира Жолдубаевага

КР өкмөтү алдындагы Экономикалык кылмыштарды иликтөө боюнча
мамлекеттик кызматтын (ГСБЭП) төрагасы Замирбек Осмоновго

Эльнура Алканованы куугунтуктоону токтонууну талап кылабыз

«Фергана.ру» интернет-порталынын журналисти Элнура Алкановага каршы Кыргыз өкмөтү алдындагы Экономикалык кылмыштарды иликтөө боюнча мамлекеттик кызмат (ГСБЭП) кылмыш ишин козгоду. Ал иш Кылмыш-жаза кодексинин 193-беренеси боюнча ачылды жана журналистке – коммерциялык же банктык купуя сырды мыйзамсыз жол менен алган жана коомго тараткан деген күнөө тагылып жатат.

Бул иш анын журналисттик иликтөөсү, тагыраак айтканда, «Идеал-хаус» деп аталган жана мурда улутташтырылган VIP-шаарчасы жеке колго арзан баага сатылып кеткенин изилдеген материалга байланыштуу козголгон. Алканованын иликтөөлөрүнө ГСБЭП буга чейин эле кызыгып, үстүбүздөгү жылдын 5-январында журналисттин өлкөдөн чыгуу укугу чектелген. Эми ГСБЭП ошол күмөн жараткан сатууга аралашкан адамдардын аракеттерин иликтегендин ордуна, тескерисинче, журналистке каршы кылмыш ишин ачып жатат.

Бул чечим менен мамлекеттик кызмат – журналистке каршы көрүлүп жаткан аракеттер саясий экенин айгинелеп турат жана биздин Комитет журналистке каршы кылмыш ишти мыйзамсыз козголгон деп эсептейтт. Тагылып жаткан күнөөлөр боюнча журналист Алканова жооп бербеш керек, анын аракеттеринде эч кандай мыйзам бузуу белгилери жок.

Тескерисинче, ал жасаган иш жалпы коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн – зор баалуулук. Ал өз өмүрүн жана коопсуздугун тобокелге салып, тыкан жана ынанымдуу иликтөө жүргүзүү менен эр жүрөктүк кылып, мамлекетке тиешелүү болгон VIP-шаарчаны сатуу учурунда папйдаланылган коррупциялык схеманы ачып көргөздү.

Башкы прокуратуранын негизги милдети – журналист кайсы бир маалыматты кандай жол менен алганын териштирүү эмес, ал материалдагы маалымат канчалык чындыкка туура келет жана туура келсе, ал иликтөөдө аттары аталган адамдардын аракеттерин изилдөө жана ошолорго каршы кылмыш иштерин козгоо болууга тийиш.

Бизге белгилүү болгондой, Элнура Алканова банк сырларына мурда ээ болгон эмес, андай сырларды ачыкка чыгарбоо боюнча өзүнө милдеттенме алган эмес жана андай маалыматтарды башкалардан – аларды коркутуп, сатып алып же алдап ээ болгон эмес.

Ушул жүйөөлөрдүн негизинде, биз журналист Алкановага козголгон кылмыш иштин күтүүсүздөн токтотулушун талап кылабыз.

Сөз эркиндигин коргоо комитети

Бишкек шаары,
15-февраль, 2018-жыл

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ