Коррупцияга каршы митинг Ак үйдүн алдында улантылып жатат

0
55

Бүгүн, 5-мартта жарандык активисттер коррупцияга каршы митингге чыгышты. Алар митингди алгач Жогорку Соттун имаратынын алдында өткөрүп, сот системинин кызматкерлеринин ишине нааразычылыктарын билдиришти. Акциянын катышуучуларынын талабы — сот жана укук коргоо тармагындагы жемкорлукту жана мыйзам бузууларды токтотуу.

Жарандык активист Адил Турдукулов«Биз президент Сооронбай Жээнбековдун сөзүн колдоп митингге чыктык. Мамлекет башчы сот системи абдан коррупцияга батканын айтып, бул тармакта тазалоо болушу керектигин билдирген. Ошондой эле ал укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү боюнча сын-пикирин айткан. Президент бул сөздөрдүн аягына чыгыш үчүн элдин колдоосуна ээ болуусу зарыл. Митинг, жөө жүрүш аркылуу колдосо болот. Жээнбеков оор абалда. Анткени бардыгы мурунку кадрлар. Сооронбай Жээнбеков айткан сөздөрүн аткарса, Кыргыз мамлекетинин тарыхында ак так менен калат«, — деди Турдукулов.

Булак

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ