Нарын Айып: Күнөөлүү эмеспиз, соттун чечимин гана аткардык

0
38

Журналист Нарын Айып мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу соттун чечимдерин аткарып, өзүнүн сайтына үч төгүндөө жарыялады. Бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып ал соттун чечимин аткарыш керек экенин, бирок акчалай айыппул качан төлөнөрү белгисиз болуп жатканын айтты. Ошону менен катар Нарын Айып өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын билдирди:

— Аргасыздык. Биз өзүбүздү күнөөлүү деп эсептебейбиз. Сот чыгарган үч чечимдин бирөөндө да намыска тийген сөз жок. Анча-мынча тие турганы – Акаев айткан 50 миллион рубль тууралуу. Бирок биз “ушундай болгон” деген жокпуз да. “Акаев айтты” деп жатабыз. “Баланча деген сөздөрдү төгүндөп, 3 миллион төлөш керек” деп соттун ар бир чечиминде жазылган. Ошонун бирөөнү аткарып жатабыз. Анткени соттун чечими чыккандан кийин ал адилеттүүбү же жокпу, ар бир адам аткарышы керек. Ошондуктан биз “төгүндөө чыгарыш керек” дегенди аткардык.

Башкы прокуратура былтыр журналисттер Нарын Айыпты, Дина Маслованы жана «Zanoza.kg» сайтын «Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди» деген негизде сотко берип, жалпысынан 27 миллион сомдук доого жыккан. Райондук жана шаардык сот прокуратуранын доосун толук канааттандырган.

13-мартта Нарын Айып өзүнүн narynaiyp.com сайтына “Текебаевдин юристтери: Кулаган учактагы жүк Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык болчу”, «Өмүрбек Текебаевдин камалышы: интрига курчуй баштады» деген темадагы макалаларда айтылгандарды жана дагы бир макаладагы “Акаевдин айтуусунда, Чыңгыз Айтматов 50 миллион рублди Жазуучулар союзунун кызматкери Атамбаевге берген” деген сөздөр “чындыкка дал келбейт” деп үч төгүндөө жарыялады.

Булак

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ